Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы Ак-Ордо конушуна бала бакча курууда.
Мектепке чейинки билим берүү мекемеси 2 кабаттуу, 280 балага ылайыкталган. Жер участогунун жалпы аянты - 0,83 га. Мекемени газ менен жылытуу каралган.
Имаратта таратуучу ашкана, буфет, уктоочу, жуунучу, оюн, кабыл алуу, медициналык кабинет, бөлүм башчынын кабинети, музыкалык+ гимнастикалык зал, тазалык түйүмдөрү жана техникалык жайлар жайгашат.
Учурда темир-бетон каркасы толук бүтүп, чатырын жабуу, кирпич дубалдарды орнотуу иштери жүрүп жатат.