Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун тапшырмасы менен Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти тарабынан Аламүдүн базарынын айланасында автоунаалардын кыймылын тартипке келтирүү схемасы иштелип чыкты.
Алсак, "Аламүдүн" базарынын жанындагы (түштүк тарап) Жибек-Жолу проспектисиндеги аялдама комплексти Буденный көчөсүнөн чыгыш тарапка Жибек-Жолу боюнча автотранспорт каражаттарын токтотууга тыюу салган жол белгилерин кайра куруу менен Курманжан Датка көчөсүнөн Буденный көчөсүнө чейин көчүрүү пландалууда:
- Курманжан Датка көчөсү боюнча Салиева көчөсүнөн Жибек-Жолуна чейин автотранспорт каражаттарын токтотууга тыюу салган жол белгилерин орнотуу;
- Автотранспорт каражаттарынын чыгыштан батышка жана батыштан чыгышка карай М. Жалил көчөсү боюнча Буденный көчөсүнөн Курманжан Даткага чейинки жол белгилерин кайра куруу менен кыймылын өзгөртүү;
- Жол белгилерин өзгөртүп түзүү менен Жибек-Жолу проспектисинин батыш тарабындагы Жибек-Жолуна (түндүк-батыш тарабы) аялдама комплексин көчүрүү;
- Курманжан Датка көчөсүндө Жибек-Жолу проспектисинен Куликовская көчөсүнө чейин (эки тарапка) автотранспорт каражаттарынын токтошуна тыюу салган жол белгилерин орнотуу.