Бишкек шаарынын мэриясы №112 балдар бакчасынын жогорку тайпасынын тарбиячысы Берестяк Татьяна Валерьевнанын мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу туугандарына жана жакындарына, кесиптештерине терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Татьяна Валерьевна 41 жашында   инфаркттан көз жумган.

Бул №112 мектепке чейинки билим берүү мекемесинин кызматкерлери, ата-энелер коомчулугу жана балдар үчүн чоң жоготуу. Ал мыкты тарбиячы, өз ишин, балдарын сүйүп, аны тааныгандардын эсинде унутулгус из калтырды.

Биз анын үй-бүлөсү, кесиптештери жана достору менен орду толгус жоготуунун азабын жана кайгысын бөлүшөбүз. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун...