Свердлов районунун башчысы Максатбек Саргазаков  Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына караштуу ЖКККББнын жол көзөмөлдөө бөлүмүнүн, «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын жана Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук  инфратүзүмдү  өнүктүрүү департаментинин өкүлдөрү менен биргеликте райондун аймагында көчмө жыйын өткөрдү.

Текшерүү Курманжан-Датка көчөсүндө Чүй проспектисинен Жибек Жолу проспектисине чейин, ошондой эле С.Будённый көчөсүндө өттү.

Биринчи кезекте Чүй проспектиси менен Курманжан-Датка көчөсүнүн кесилишин текшердик.

Андан соң Курманжан-Датка көчөсүндөгү тротуардын абалын карадык. «Бишкекасфальтсервис» МИге Курманжан-Датка көчөсүнүн эки тарабындагы 1420 метр узундуктагы Чүй проспектисинен Жибек Жолу проспектисине чейинки тротуарды капиталдык оңдоого чыгымдардын сметасын жүргүзүү, ошондой эле экономика жана каржы бөлүмүнө  тротуар курууга тоскоол болгон турак жайларды жана чарбалык субъекттерди инвентаризациялоо иштерин жүргүзүү тапшырылды.

Андан соң Чүй проспектиси менен Курманжан-Датка көчөсүнүн кесилишиндеги аянттын санитардык абалы жана жашылдандыруу иштери менен тааныштык.

Ошондой эле Аламүдүн базарынын жанындагы жер үстүнөн   өтүүчү өтмөктүн санитардык абалын текшеришти. Жыйынтыгында турак жай-коммуналдык чарба бөлүмүнө эки жер үстүнөн  өтүүчү өтмөктөрдү жалпы тазалоону уюштуруу тапшырылды.

Анда “Аламүдүн базары” соода борборунун айланасындагы жол кыймылын өзгөртүү, ошондой эле Жибек Жолу проспектисин бойлой тротуар куруу жана стихиялуу унаа токтотуучу жайларды жоюу маселеси талкууланды.