«Бишкексууканал» башкармалыгы «Бишкек шаарынын суу менен камсыздоо жана канализация системасын реабилитациялоо – II фаза» долбоорунун алкагында Бакаев көчөсүдө Ахунбаев көчөсүнөн Кочкор көчөсүнө чейин канализациялык коллекторду куруу менен жер иштерин жүргүзүүдө.

Ушул себептен улам, 2023-жылдын 27-майынан 25-августуна чейин жол кыймылы жабылат.

Коомдук транспорттун кыймылы өзгөрөт.

Курулуш иштеринин жүрүшүндө №19 муниципалдык автобус каттамы убактылуу кыймыл схемасы боюнча Бакаев көчөсүн айланып өтөт жана Тыналиев, Псковская, Гагарин, Асаналиев көчөлөрү менен,  андан ары түндүк багыт схемасы боюнча жүрөт.

Түштүк багытында автобустардын кыймылы Асаналиев, Повариская, Тыналиев көчөлөрү менен андан ары схема боюнча каттайт.

№36 жана №6 муниципалдык автобустар, №216 маршруттук таксилер Бакаев көчөсүн айланып өтүү үчүн Жунусалиев көчөсү менен,  андан кийин схема боюнча убактылуу каттайт.

Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана шаар тургундарын каттамдарын алдын ала пландап алууну суранат.