"Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы" МИнин кызматкерлеринин курамындагы комиссия кыймылдуу курамдын санитардык абалын текшерди.
Транспорттун санитардык абалы, айдоочулардын иш учурундагы жүрүм-туруму, санитайзерлердин жана беткаптардын бар экендиги текшерилди.
Жол эрежелерин жана автобусту санитардык жактан сактабаган айдоочуларга эскертүү берилди.
Текшерүү саат 10:00дөн 13:00гө чейин жүргүзүлдү.