Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата муниципалитет жаш шаар тургундары  үчүн майрамдык программа даярдады.

31-майда саат 14:00дө Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында «Наристе» фестивалынын салтанаттуу ачылышы болот.

Кеңири масштабдагы иш-чарага Россиядан, Казакстандан, Тывадан Монголиядан, Башкириядан, Сахадан, Индиядан келген өкүлдөр, ошондой эле Кыргызстандын 7 облусунан I Бишкек Дельфий оюндарынын жеӊүүчүлөрү катышат.

1-июнда саат 10:00дөн 21:30га чейин Ала-Тоо аянтында Биринчи балалык фестивалы өтөт.

Коноктор үчүн фуд корттор, оюнчук жарманкелери жана оюн-зооктор  уюштурулат.

Балдарды жана алардын ата-энелерин этно оюндар, шашки, шахмат жана улуттук оюндар боюнча турнирлер, көркөм сүрөт искусствосу боюнча мастер-класстар, цирк, бет сүрөт, бий сынактары, ыр сынагы жана жаш сүрөтчүлөрдүн сынагы күтүүдө.

17.30да аянтта концерт башталат. Конокторго «Наристе» фестивалынын катышуучулары жана кыргыз эстрада жылдыздары концерт беришет.

Саат 20:00дө балдардын интернет-контентинин сегментинде феноменге айланган DBillions музыкалык тобунун чыгышы белгиленген.

Майрамды Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосу менен биринчи айымдын «Эне-балага тирек» коомдук фонду уюштурууда.

Калаанын райондорунда  да майрам уюштурулат.

БИРИНЧИ МАЙ РАЙОНУ:

29-майда саат 09:40та райондун 300 мектеп окуучулары «Россия» кинотеатрына келип, «Трио в перьях» мультфильмин көрүшөт.

30-майда саат 10:00дө “Сейтек” улуттук балдар жана өспүрүмдөр борборунда 600 балага арналган иш-чара өтөт.

1-июнь саат 10:00 «Ак-Босого» конушунда  Чүй 41 көчөсүндө  БУУнун Миграция боюнча эл аралык уюмунун каржылык колдоосу менен курулган сквер ачылат.

2-июнь күнү саат 14:00дө И.В.Панфилов атындагы паркка аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн 150 баласы барат.

10-июнда саат 10:00дөн 14:00гө чейин И.В.Панфилов атындагы сейил багында "Джубили Кыргызстан" камсыздандыруу компаниясы таттууларды таратуу, сүрөттөр үчүн зонаны түзүү жана музыкалык коштоо менен «Өзүңдүн мультик баатырыңды жарат» аттуу балдардын чыгармачылык сынагын өткөрөт.

СВЕРДЛОВ РАЙОНУ:

31-майда саат 9:00дөн баштап Каражыгач токоюнда  иш-чара уюштурулат. Аймак шарттуу түрдө 5 зонага бөлүнөт: маданият, көңүл ачуу, ден соолук, спорт, чыгармачылык, тамак-аш зонасы.

Парктын конокторун асфальтка сүрөт тартуу боюнча мастер-класстар, мольберт, пионербол, дартс, шашки, шахмат, футбол, тогуз коргоол боюнча спорттук мелдештер, чыгармачыл коллективдердин концерти күтүүдө.

1-июнь күнү саат 11:00дө 200 бала Ч.Айтматов атындагы Орус драма театрына келет.
2-июнда аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн 50 баласы М.Жангазиев атындагы куурчак театрына келишет.

ОКТЯБРЬ РАЙОНУ:

1-июнь күнү саат 17:00дө “Ынтымак” сейил багында “Колдон колго”, “Аутизмди жеңебиз | RG” коомдук уюму менен биргеликте шоу-программа жана жарманке менен майрам уюштурулат.

ЛЕНИН РАЙОНУ:

Район башчысы «Балдарды коргоо борбору» коомдук бирикмеси менен «Үмүт Надежда» балдар реабилитациялык борборуна барат.

Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору! Сиздерди майрамга катышып, балалыктын кайталангыс атмосферасынан, жылмаюудан жана көңүл ачуудан ырахат алууга чакырабыз.