Борбор калаанын калктуу конуштарында социалдык объектилерди куруунун алкагында кезектеги көчмө жыйын өттү.

Биринчи май районунун акими Максатбек Сазыкулов Калыс-Ордо  конушундагы бала бакчанын курулушу менен таанышты, учурда имараттын пайдубалын түптөөчү чуңкур дээрлик бүтүп, капсула салуу иштери жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, 1390 чарчы метр аянтты ээлеген мектепке чейинки билим берүү мекеме 7 тайпага же 140 орунга ылайыкталган, жалпы аянты 0,68 га.

Долбоорго ылайык, имаратта уктоочу, оюн, кампа, ашкана, уктоочу, жуунучу бөлмөлөр, медициналык кабинет, кызматкерлер бөлмөсү, музыкалык жана спорттук зал  жана техникалык бөлмөлөр каралган.

Борбор калаанын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын  тендерине ылайык, подрядчы «Арай» ЖЧКсы курулуш иштерин жүргүзөт.

Мекеменин курулушуна жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүнгөн.

Андан соң  Көлмө конушундагы Максат жана Жапаров көчөлөрүнүн кесилишиндеги  бала бакча куруу үчүн муниципалдык жер тилкесин кайтарып берүү маселеси талкууланды.

Маалыматтар боюнча  30 сотых жер тилкеси 49 жылдык мөөнөткө ижарага берилгени менен бүгүнкү күнгө чейин иштетилбей келет.

Кыргыз Республикасынын компетенциясынын жана мыйзамдарынын чегинде ижарачы менен келишимдик мамилелерди токтотуу мүмкүнчүлүгүн кароо чечими кабыл алынды.