«Бишкекжарык» муниципалдык ишканасы тышкы жарыктандыруу тармактарын реконструкциялоо иштерин жүргүзүүдө.

Исанов көчөсүн бойлой Жибек- Жолу проспектисинен Щербаков көчөсүнө чейин жарыктандыруу иштери жүргүзүлдү.

Жарыктандыруучулар бригадасы 28 светодиоддук чырактарды орнотуп, 600 метр изоляцияланган зым  (СИП) тартты.

Урматтуу шаардыктар! Эгерде сидин көчөдө капыстан караңгы болуп калса, ишкананын авариялык-диспетчердик кызматы ар дайым сиз үчүн иштейт: (0312) 46-30-89, 57-63-51, WhatsApp: 0777 902-115.

«Бишкекжарык»  МИси социалдык тармактарда:
Фейсбук: https://www.facebook.com/Bishkeksvet312
Instagram: @mp_bishkeksvet
Twitter: @Bishkeksvet