Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү борбор шаардагы мектептердин кыргыз тили жана адабияты предмети боюнча жаш адистерине “Кыргыз тилден кырк сабак” деген аталыштагы мастер-класс сабагын уюштурду.

Сабакты филология илимдеринин доктору, педагогика илимдеринин кандидаты Үмүт Култаева өттү.

Мында кыргыз тилди окутуунун методикасы, кыргыз тилинин эрежелери, учурда көп кездешкен каталар жана башка маселелер каралды.

Иш-чара Бишкек шаарындагы кыргыз тили жана адабияты предмети боюнча жаш адистердин квалификациясын жогорулатуу максатында өтүлдү.