“Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын маалыматына ылайык, 30-майда саат 9:00дөн 20:00гө чейин төмөнкү даректердеги турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки балдар мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык-тиричилик объектилерине жана өнөр жай ишканаларына таза суу берүү убактылуу токтотулат.

Өчүрүү аймагы: Садовая көч. - Чүй пр. Ч.Валиханов көч. - темир жол линиясы; 7-апрель-Ауэзов-Исакеев-Ч.Валиханов көчөлөрү, "Учкун" кичи району,  "Учкун" конушу.

“ВПУ” суу алгычында жана шаардык суу түтүктөрүндө профилактикалык оңдоо иштерине байланыштуу суу өчүрүлөт.

Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды, калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.