«Бишкек суу чарба» муниципалдык ишканасы Каховский көчөсүн бойлой «Ак-Өргө» конушунун аймагындагы каналды кол менен жана механикалык түрдө тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Ишкананын кызматкерлери 3,5 чакырым  каналдын   1,5 чакырымын тазалашты.

Мындан тышкары, Октябрь районунун аймагындагы ЧЧЧК каналын таштандыдан  арылышты.

Эске салсак, буга катар эле Биринчи май жана Свердлов райондорунда ачык коллектордук-дренаждык тармактарды тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

Бүгүнкү күндѳ кызматкерлер төмөнкү  көчөлөрдө иш алып барышууда:
БЧЧКнын түштүк тарабы  Т.Молдо көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейин;
Салам-Алик конушунун  Көк-Сай көчөсүндө  Көкчө-Тоо  көчөсүнөн БЧЧКга чейин;
БЧЧКнын түштүк тарабынан Т.Молдо көчөсүнөн Элебесов көчөсүнө чейин;
БЧЧК түштүк тарабы Т.Молдо көчөсүнөн Саадаев көчөсүнө чейин;
Көк-Сай көчөсүндө;
Исанов көчөсү Алтай көчөсүнөн  Боталиев көчөсүнө чейин;
Саадаев көчөсүндө мечиттен  Чүй 63 көчөсүнө чейин;
Багыжский көчөсү Боталиев көчөсүнөн Саадаев көчөсүнө чейин;
Т.Молдо көчөсү Фере көчөсүнөн  Саадаев көчөсүнө чейин.

Урматтуу шаардыктар! Негизги каналдарга  жана коллектордук-дренаждык тармактарга таштанды таштабоону, шаардык кызматтардын кызматкерлеринин эмгегин сыйлоону суранабыз.