Коомдук транспорттордун аялдамаларында токтотуу эрежелерин сактоо жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында,  Биринчи май районунун аймагында «Авто кошуун» отряды ишин улантууда.

Бул жолу аталган кошуун жол коопсуздук кызматы жана МАБ менен биргеликте М.Ганди көчөсүнөн баштап Батыш авто бекетин жана Кулиев көчөсүнө чейин Жибек-Жолун бойлой, “Бишкек парк” соода борборунун аялдамасында, Абдрахманов жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде, Москва жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде, Жибек-Жолу жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде рейд жүргүзүштү.

Нөөмөттө 12 аялдамада болуп «авто кошуун» отрядынын смартфондоруна  80ге жакын унаа  түшкөн. Айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп,  «Авто кошуун» отрядынын талаптарын тоготпогон айдоочуларга  жол коопсуздук кызматы  тарабынан ар бирине 3000 сомдон, жалпы  36000 сомго 12 протокол түзүлдү.