Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун “2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясы жөнүндө” Жарлыгынын алкагында №20 орто мектебинде семинар өткөрүлдү.

Октябрь районунун акиминин орун басары Чынара Жаныкеева, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын өкүлү Айбек Иминов, №6 ҮМБнын балдар дарыгери-психологу Бактыгүл Жумакулова, РИИБнин райондук бөлүмүнүн ИИБнын инспектору жана ички иштер бөлүмүнөн Камбар Жумашов катышты.

Ошондой эле семинарга райондун тургундарын, жергиликтүү коомчулуктун, аялдар кеңештерин өкүлдөрүн, аксакалдар сотун, райондук диний уюмдарын, балдар комиссиясын, МАБ жашоочуларын, үй комитеттерин чакырышты.

Лекцияны райондун имамы Билалидин Сайпиев окуп, андан соң катышуучулар “суроо-жооп, талкуу” форматына өтүштү.

Жыйын диний сабаттуулукту жана укуктук билим деңгээлин жогорулатуу, диндин көйгөйлүү жактарын, эрте турмушка чыгуу, үй-бүлөлүк зордук-зомбулук, бала тарбиялоодо ата-эненин ролу жана башка актуалдуу маселелерди тактоо жана талкуулоо максатында өткөрүлдү.

Белгилей кетсек, жолугушуу Октябрь районунун муниципалдык администрациясынын жетекчилигинин демилгеси менен Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын көмөгү менен уюштурулган.