Пландык жыйындын күн тартибинде шаарды көрктөндүрүү маселеси болду. Өзгөчө көңүл менен жабыркаган дарактарды жок кылуу жана инвентариязация жүргүзүү маселеси жана чуңкурларды оңдоо каралды.

Жыйындын соңунда калаа башчысы «Зеленстрой» муниципалдык ишканасына кыска мөөңөттө дарактарды инвентаризациялоо жана куураган, чириген дарактарды жок кылуу тапшырмасын берди.

Албек Ибраимов 27-мартта Турусбеков көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишинде бак кулап, адам каза болгондугун жана ал боюнча ички кызматтык териштирүү жүргүзүлүп жаткандыгын белгиледи.

«Бишкекасфальтсервис» ишканасына шаардын көчөлөрүндөгү чуңкурларды оңдоону көзөмөлдөө жана графикке ылайык жүргүзүүнү тапшырылды.