Ленин районунда бассейндердин администрациясы жана кызматкерлери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Комиссиянын курамына райондун акимиаттын, МАБдын, РИИБнин жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү кирди.

«Дельфин», «Фламинго», «Парус», «Дениз», «Максимум», «Ак-Кеме» деген 6 жеке бассейнди текшердик.

Рейддин жыйынтыгында текшерүү учурунда «Дельфин», «Палус», «Дениз» куткаруучуларында документтери, тактап айтканда, суучулдарды даярдоо борбору тарабынан берилген сертификат жана квалификациялык сертификаттары жок экендиги аныкталган. Комиссия аныкталган мыйзам бузууларды четтетүү боюнча акт түздү.

Рейд учурунда "Фламинго" жана "Ак-Кеме" бассейндери иштебей турган. Комиссия суу объектилеринде адамдардын өмүрүн коргоо эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Мындан тышкары, райондук ӨКБ менен биргеликте жыл сайын "Ала-Арча" дарыясынын нугун изилдөө иштери жүргүзүлөт. Ошондой эле шаардыктар менен сууга түшүүгө тыюу салуу боюнча иш алып барып, “Сууда сүзүүгө тыюу салынат” деген жазуулар орнотулат.