Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун тапшырмасы менен Ленин районунун акими Тагаев Мураталы №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына шайлоо боюнча шайлоо участкаларынын даярдыгын текшерди.

Район башчысы райондогу шайлоо участкаларынын материалдык-техникалык жактан камсыз болушун, коомдук тартипти жана автоматташтырылган башкаруу тутумунун  коопсуздугун, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды пандустар менен камсыз кылууну текшерди.

Шаардык жана райондук кызматтарга УШКларды материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу процессин тездетүү, участкалык шайлоо комиссиялары үчүн пандустар менен камсыз кылуу боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүү, ошондой эле кызматкерлер арасында шайлоого кийлигишпөө боюнча түшүндүрүү иштерин такай жүргүзүү тапшырылды.

Урматтуу шаар тургундары! Белгилей кетсек, №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2023-жылдын 28-майында өтөт.

Ушуга байланыштуу муниципалдык администрация бардык шайлоочуларды шайлоочулардын тизмесинде тактоого чакырат, ошондой эле жеке маалыматтарды жана УШК жайгашкан жерди тактоо үчүн 119-маалымат кызматына ПИН-кодуңузду жөнөтсөңүз болот.

Ленин району таза шайлоо үчүн!