Социалдык тармактарда “Батуми” кафесинин администрациясына эскертүү мөөнөтү берилгени тууралуу такталбаган маалыматтар тарап жатат.

Ыктыярдуу демонтаждоо тууралуу билдирүү 2023-жылдын 17-майында Бишкек шаарынын мэриясынын Жерди пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан берилген. Белгиленгендей, билдирүүдө көрсөтүлгөн талаптар аткарылган эмес.

Белгилей кетсек, бүгүн Жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгынын кызматкерлери  «Тазалык» ишканасынын атайын бөлүмү менен биргеликте Тыналиев көчөсүндө жайгашкан «Батуми» кафесин бузуу иштерин башташты.