Биринчи май акимчилиги «Манас» аэропорту менен биргеликте райондун мектеп окуучуларына экскурсия уюштурду.

Балдар эл аралык жана ички каттамдарды каттоо процессин, бажы көзөмөлүнүн ишин, рейсте жүргүнчүлөрдүн жүгүн жүктөө жана сорттоо менен таанышып, инженер-механиктерге кызыккан суроолорун беришти.

№99 мектептин 25ке жакын окуучусу аэропорттун күнүмдүк турмушу менен таанышты.

Балдар үчүн экскурсияны «Манас» аэропортунун Ыкчам башкаруу борборунун кызматкерлери өткөрүштү.

Белгилей кетсек, иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсанды руханий-адептик жактан өнүктүрүү жана дене тарбия концепциясын бекитүү тууралуу” Жарлыгын ишке ашыруу, ошондой эле балдардын ой жүгүртүүсүн кеңейтүү максатында өткөрүлдү.