Борбор калаанын мэриясы үй-бүлөлүк майрамдарда, маркумду акыркы сапарга узатуу жөрөлгөлөрүндө ашыкча ысырапкорчулукка жол бербөөнү эскертет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында Биринчи май районунда жарандар менен жолугушуулар өткөрүлүүдө.

Бул жолу №12 МАБ  мусулман дин өкүлү менен биргеликте «Омор-Хайям» кафесинин (Медеров 153), «Анталия+» чайканасынын (Байтик-Баатыр 80), Bellagio Premium ресторанынын (Токтогул 125/1) Нават» чайканасынын (Т. Молдо 3Б) жетекчилиги менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп билдируулөр да таркатылды.