Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров муниципалдык чарбанын эмгек сиңирген кызматкери Радченко Петр Семёновичке Бишкектин 145 жылдыгынын урматына юбилейлик медаль тапшырды.

Мэр Петр Семёновичке чың ден - соолук каалап, шаардын өнүгүшүнө эбегейсиз салым кошконун белгиледи. Ал муниципалдык чарбада 52 жыл эмгектенген.