Борбор калаада Манас проспектисинин бойлой кире бериш топторду бузуу иштери кызуу уланууда.

Жеринде мэрдин орун басары Нурдан Орунтаев, Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгынын начальниги Уран Мусаевдин жетекчилиги алдында иш жүргүзүлүүдө.

Учурда Токтогул көчөсүнөн Манас  проспектисин бойлой бузуу иштери жүрүп жатат.

Урматтуу жарандар, ишкерлер! Объектилериңизди талапка ылайык алып келүүнү, ошондой эле жерди пайдалануу эрежелерин бузбоону суранабыз.