Октябрь районунун муниципалдык администрациясында  аким Жаныбек Орозалиев Түркия Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын алдындагы Түркиянын Кызматташтык жана координациялоо боюнча агенттигинин программалык директору Осман Уста менен жолугушту.

Ошондой эле жолугушууга акимдин орун басарлары, «Бишкекбашкырхитектура» мамлекеттик мекемесинин, № 6 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун өкүлдөрү катышты.

Жолугушууда социалдык тармактагы келечектеги долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле аймакты көрктөндүрүү маселелерин талкуулашты.

Өз кезегинде аким өз ара кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирди.