Борбор калаанын мэриясы Бишкек шаары боюнча мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөл башкармалыгы жана “Бишкекбашкыархитектура” мекемеси менен биргеликте узак мөөнөттүү курулуш объектилерин аныктады.

Иш-чаранын жүрүшүндө көп жылдык курулуш объектилеринин тизмеси такталып, алардын өкүлдөрү менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Алардын айрымдарынын курулушу кайрадан башталып, курулуш иштерин өз убагында бүтүрүү боюнча кепилдик каттар алынган.

Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөл башкармалыгынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынан билдиришкендей, аталган курулуш объектилерин кайра жандандыруу үчүн Мамлекеттик сейсмикалык курулуш жана инженердик долбоорлоо институтунан корутунду алуу сунушталат.

Белгилей кетсек, бул объекттер Бишкек шаарынын архитектуралык көрүнүшүн бузуп, борбор калаанын тургундарына жана конокторуна жагымсыз шарттарды түзүп жатат.

Төмөнкү  узак мөөнөттүү курулуштар  аныкталды:

- Курчатов көчөсү, 5 г дарегиндеги көп кабаттуу турак үй. "АНЭС Строй" ЖЧКсы;
- Тынчтык проспектиси - Чокморов көчөсү кесилишиндеги кеңсенин курулушу. "Иска Строй" ЖЧКсы;
- Киев-К.Акиев көчөлөрүндөгү КР Улуттук банкынын имараты;
- Салиева көчөсү, 53 дарегиндеги өз аймагында курулган социалдык-маданий объектилери бар 9 кабаттуу турак жай, «СК ГЕРМЕС» ЖЧКсы;
-  Токмок көч., 83,87,89,93 дарегиндеги  9 кабаттуу үй.  «СК ГЕРМЕС» ЖЧКсы;
- Тыныстанов көчөсү, 146 жана Баетов көчөсү, 77 даректериндеги кеңсе имараттары жана жер астындагы унаа токтотуу жайы менен көп кабаттуу турак үй.  «Санат Инвест» ЖЧКсы;
- Логвиненко көчөсү, 11 дарегиндеги кеңсе имараттары менен 14 кабаттуу турак үй,  Логвиненко 11. «Гранд Строй Инвест» ЖЧКсы;
- Байтик баатыр көчөсү, 44 дарегинде өздүк турак жай курулушунун аймагындагы дүкөн, кафе жана кеңсе. Куруучулар  белгисиз;
- Жибек-Жол проспектиси, 607 - Чымкент көч.44, 44а дарегиндеги   дүкөнү жана жер астындагы унаа токтоочу жайы бар кеңсе;
- Бөкөнбаев көчөсү, 134 а дарегиндеги эскилиги жеткен жана турак-жай эмес имараттарды бузуу менен өз аймагындагы 6 кабаттуу мейманкана үйү. "Имарат Прогресс" ЖЧКсы;
- Байтик-Баатыр, 60,62,64 – Радищев 32,34  дарегиндеги дүкөнү жана жер алдындагы унаа токтотуучу жайы бар 18-кабаттуу турак-жай,  "Мастер Групп" ЖЧКсы;
- 12-кичирайондогу Каралаев көчөсүндөгү өз аймагында кеңсеси жана дүкөнү бар көп кабаттуу турак жай. Джетыбаев Н.А.;
- Каралаев көчөсүндөгү бөлүнгөн аймакта турак эмес жайлар жана жер астындагы унаа токтоочу жайлары бар көп кабаттуу үйлөрдүн бир тобу. "Ривьера-Строй Маркет ЖЧКсы";
-“Юнусалиев көчөсү, 41 а дареги боюнча Соода-сервистик, оюн-зоок комплекси жана    мейманкана бөлмөлөрү бар кафе, Дулатов М.А.;
- «Юнусалиев - Сухэ-Батор көчөлөрүндөгү жайкы аянтчасы менен кафе-бар, куруучулар белгисиз;
- «Кулатов көчөсү, 18 дарегиндеги өз аймагындагы дүкөнү, кеңсеси жана жер астындагы унаа токтоочу жайы бар көп кабаттуу турак жай». "Хан Компани ЖКЧсы.