“Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы Орозбеков көчөсүн бойлой жаңы жолдун курулушун баштады.

Жалпы узундугу 400 погондук метрди түзгөн Жибек-Жолу проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейинки тилкеде иштер башталды.

Бүгүнкү күндө эски асфальты сыйрылып, үч азык-түлүк күркөсү  демонтаждалды.

Жол куруучу бригада асфальт төшөө  үчүн жолду тегиздеп, даярдык иштерин жүргүзүүдө.

Жакынкы күндөрү жол бордюрларын орнотуу иштери башталат.