Таң эртеден борборго сугат суусу негизги каналдардан берилди.
Алсак, Ленин районуна жашыл аянттарды сугарууга 800 л/с, Биринчи май районуна – 200 л/с, Октябрь районуна – 400 л/с, Свердлов районуна – 80 л/с суу берилген.
Суу Киргизия-1 каналынан, Асанбай жана Төмөнкү транзит каналынан келди.
«Бишкек суу чарба”муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жашыл аянттарга суу тоскоолдуксуз жетүү үчүн негизги каналдарды, арыктарды тазалашууда.
Урматтуу шаардыктар! Магистралдык каналдарга жана коллектордук-дренаждык түйүндөргө таштанды таштабоону жана шаардык чарба кызматкерлеринин эмгегин сыйлоону суранабыз!