Бишкек шаардык жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканасы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына караштуу милициянын кайгуул кызматы башкармалыгы менен биргеликте айдоочулар үчүн жыйын өткөрдү.

Жыйындын максаты - автобус айдоочуларынын катышуусундагы жол кырсыктарынын алдын алуу жана санын азайтуу.

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Бишкек ШИИББы боюнча МККБ кызматкерлери кырсыкка учурап жана  светофордун кызыл түсүнө өтүп кеткен айдоочуларга жеңилдик болбой турганын эскертишти.