30-майдан 8-июнга чейин Бишкекте "Наристе" III Эл аралык балдардын фольклордук фестивалы өткөрүлөт.
31-майда Т.Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясында фестивалдын салтанатуу ачылыш аземи өтөт.
Кеңири масштабдагы иш-чарага Россиядан, Казакстандан, Тывадан Монголиядан, Башкириядан, Сахадан, Индиядан келген өкүлдөр, ошондой эле Кыргызстандын 7 облусунан I Бишкек Дельфий оюндарынын жеӊүүчүлөрү катышат.
Фестивалдын жабылыш аземи салттагыдай Ысык-Көл областынын Чолпон-Ата шаарында болот.
Фестивалдын негизги максаты – Кыргызстандын салттуу элдик маданиятын сактоо жана өнүктүрүү, ошондой эле башка өлкөлөрдүн элдик искусствосу менен тааныштыруу. Иш-чаранын алкагында биздин республиканын жана чакырылган өлкөлөрдүн ар кандай балдар фольклордук бий жана аспаптык ансамблдеринин өнөрлөрү, мастер-класстар, ар кандай чыгармачылык жолугушуулар жана кечелер, илимий-практикалык конференциялар, элдик искусствосунун көргөзмөлөрү, маданият жана прикладдык искусство тармагындагы инновациялык долбоорлордун бет ачары, шаардын тарыхый-маданий жерлерине экскурсиялар, Ысык-Көл жана анын тарыхый объектилери менен таанышуу пландаштырылууда.
Маалымат: 2017-жылы борбор калаада Биринчи Бишкек маданият форуму өтүп, ага эл аралык ири уюмдарга мүчө болгон беш континенттен 20 өлкөнүн өкүлдөрү катышкан. Булар CIOFF – фольклордук фестивалдар жана элдик чыгармачылык уюмдарынын эл аралык кеңеши, Эл аралык Дельфий комитети, Марокко фестивалдарынын ассоциациясы.
2018-жылы Бишкек шаарынын 140 жылдык мааракесине карата “Наристе” Биринчи Эл аралык балдар фольклордук фестивалы өткөрүлгөн.