Менделеев көчөсүн  капиталдык оңдоодон өткөрө башташты.

№153 Б үйдөн №139 Б үйгө чейин жалпы узундугу 360 погондук метр, туурасы 6 метрди түзгөн жолду оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.

Таптоо жана тегиздөө иштери башталып, лоток жана жол бордюрлары бүгүн алынып келиниши күтүлүүдө. Орнотуу иштери жакында башталат.

Ошондой эле Менделеев көчөсүндө  Октябрь көчөсүнөн Л.Толстой көчөсүнө чейин арыктарды орнотуп жатабыз.