«Өкмөттүн акселераторлор» долбоорунун алкагында Бишкек шаарынын мэринин орун басары  Виктория Мозгачева  окуудан өтүп, сертификат алган катышуучулар менен  көчмө жыйын өттү.

Жыйынга Биринчи май жана Ленин райондорунун акимчиликтеринин өкүлдөрү да катышты.

Долбоордун максаты мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды азайтуу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу болуп саналат.

Жолугушуунун катышуучуларына үй тибиндеги бала бакчаларды ачуу үчүн шарттарды түзүү боюнча мындан аркы иш алгоритми тууралуу айтылды.