Ленин районунда Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Азиз Садырбековдун төрагалыгы алдында  №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо үчүн шайлоо участкаларынын даярдыгы текшерилди.

Тактап айтканда, райондун шайлоо участкаларынын материалдык-техникалык камсыздалышы, коомдук тартипти жана АБСнын сакталышы (автоматташтырылган башкаруу системасы),  мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн  пандустар менен камсыздалышы текшерилди.

Шаардык жана райондук кызматтарга УШКларда материалдык-техникалык камсыздоо процессин тездетүү, участкалык шайлоо комиссияларын пандустар менен камсыз кылуу боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүү, ошондой эле шайлоого аралашпоосу тууралуу кызматкерлер арасында түшүндүрүү иштерин туруктуу негизде жүргүзүү тапшырылды.

Урматтуу шаардыктар!

Белгилей кетсек, №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2023-жылдын 28-майында өтөт.

Ушуга байланыштуу муниципалдык администрация бардык шайлоочулардан өздөрүн шайлоочулардын тизмесинен тактап алуусун өтүнөт.  Ошондой эле өздүк маалыматтарды жана УШКнын жайгашкан жерин тактоо үчүн 119 номери боюнча сурап-билүү кызматына өз ПИНИҢИЗДИ жөнөтсөңүз болот.

Ленин району таза шайлоо үчүн!