Масалиев менен Тыналиев көчөлөрүнүн кесилишинде жүргүнчүлөрдү ташыган №135 кичи автобус менен Хюндай Соната үлгүсүндөгү жеңил унаа кагылышкан.

Кырсыктан 5 адам жабыркап, алардын төртөө кичи автобустун жүргүнчүлөрү жана 1 жеңил унаанын айдоочусу болгон.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Хюндай Соната  үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жол чырактын кызыл белгисинен өтүп бара жатып, сүзүшкөн. Катуу соккудан кичи автобустун каптал терезеси учуп кеткен.

Кырсыктын кесепетинен 5 адам ар кандай жаракаттар менен ооруканага жаткырылган. Аларга биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, так медициналык корутунду алуу үчүн учурда экспертиза жүргүзүлүүдө.

Транспорт департаменти тарабынан жол кыймылынын эрежелерин так сактоо боюнча бир нече жолу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, анын алдын алуу жана жол эрежесин сактоонун маанилүүлүгү тууралуу маселе жүк ташуучу компаниялардын жетекчилерине бир эмес бир нече ирет көтөрүлгөн.

Буга байланыштуу №07-582 АВО мамлекеттик номурлуу кичи автобустун айдоочусу М.Омор уулу кызматынан бошотулуп, жагдайлар такталганга чейин унаалар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда Бишкек шаарынын Ички иштер башкармалыгынын ПМСБ тарабынан иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук  инфратүзүмдү  өнүктүрүү департаменти шаардыктарды жана айдоочуларды жол эрежесин сактоого жана этият болууга чакырат.

Урматтуу шаар тургундары! Коомдук транспорт маселелери боюнча  WhatsApp: 0 (502) 205 202 номерине кайрылсаңыз болот.