Бишкек шаарынын ЖЭБине профилактикалык иштер жүргүзүлгөндүктөн ысык суу токтогон мезгилде шаардын кээ бир бөлүгүндө муздак суунун басымынын төмөндөшү байкалууда.  Бул муздак сууну керектөөнүн олуттуу өсүшү менен байланышкан убактылуу көрүнүш.

Бишкек шаарында жылуулук электр борборунда жана негизги жылуулук тармактарында оңдоо иштеринен кийин ысык суу берүү жанданат. Учурда муздак сууну керектөөнүн өсүшү суроо-талаптын жогорулашына байланыштуу суу менен камсыздоо тутумунун кубаттуулугунан ашып кетти.

Муздак суунун жетишсиздигинен көйгөй жаралса, 1533 кыска номуру аркылуу “Бишкексууканал” ӨЭБна кайрылуу сунушталат.