Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн күнүн утурлай Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын №10128 аскер бөлүгүндө ачык эшиктер күнү өткөрүлдү.

Иш-чарага Биринчи май районунун билим берүү мекемелеринин 500 мектеп окуучулары катышты.

Билим берүү уюмдарынын тарбия иштеринин артыкчылыктуу багыттарынын бири аскердик-мекенчилдик багыт болуп саналат. Анткени, балдар мекенге болгон сүйүүнүн, Ата-Мекенге кызмат кылуунун, эрдиктин, патриоттуулуктун алгачкы сабактарын мектеп отургучунан алышат.

Конокторго Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын аскер оркестринин жана ардактуу кароолунун ротасынын өнөрү, аскер кызматчыларынын кол күрөшү, ошондой эле казармага, аскердик даңк музейине экскурсия,  дене тарбия залы, жоокерлердин ашканасы, азыркы кездеги аскердик курал-жарактар, аскердик кийимдер жана аскердик машиналар көрсөтүлдү.

Белгилей кетсек, экскурсия Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсанды руханий-адептик жактан өнүктүрүү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында уюштурулган.