Бишкек шаарынын мэриясы МЖӨ борбору менен биргеликте мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизми менен мектепке чейинки балдар мекемелерин  куруу боюнча МЖӨ долбоорун ишке киргизүүнү пландаштырууда.

Бишкек шаарынын мэриясынын 2023-жылдын 16-майындагы 91-р. буйругу менен мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорунун  алкагында мектепке чейинки балдар мекемелерин долбоорлоо жана куруу үчүн жер участоктору аныкталган.

Долбоордун негизги максаттары:
- Бишкек шаарынын балдарын мектепке чейинки билим берүү мекемелериндеги орундар менен камсыз кылуу;
- Мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндө сапаттуу кызматтарды көрсөтүү.

Долбоор мектепке чейинки билим берүүнүн сапаттуу заманбап кызматтарын көрсөтүү менен жаңы бала бакчаларды түзүүнү болжолдойт.

Мектепке чейинки балдар мекемелеринин курулушу мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин стандарттуу кызматтарын гана сунуштабастан, эрте өнүктүрүү, мектепке даярдоо ж. б. боюнча кызматтарды да ишке ашырат.

Жеке өнөктөш менен макулдашуунун мөөнөтү аяктагандан кийин бала бакчалар Бишкек шаарынын мэриясынын балансына кайтарылат.

Жер участоктору Бишкек шаарынын конуштарында  жайгашкан:
-“Арча-Бешик” конушу, Садыбакасов көчөсү-Кызыл-Адыр көчөсүндө,  бала бакча үчүн  жер участогунун аянты 0,28 га;
-“Кара-Жыгач” конушу, Кара-Жыгач көчөсү-Исакеев көчөсүндөгү бала бакча - жер участогунун аянты 0,34 га.
-“Ак-Өргө” конушу, Ашар көчөсүндөгү бала бакча - жер участогунун аянты 1,71 га.

Толук маалыматты төмөнкү   телефон номеринен алса болот:

Тел:0312660946,0312660829,
e-mail: dei@meria.kg
БИШКЕК ШААРЫН ӨНҮКТҮРҮҮ ЖАНА ИНВЕСТИЦИЯЛАРДЫ ТАРТУУ АГЕНТТИГИ-  дареги: Бишкек ш., Жибек-Жолу көч., 328.