Бишкек шаарынын мэринин орун басары  Нурдан Орунтаев жана Биринчи май районунун акими Максатбек Сазыкуловдун катышуусунда Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы тарабынан Манас проспектисинин боюндагы  уруксат берилбеген объектилерди демонтаждоо боюнча рейд өткөрүлдү.

Жерди пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгынын кызматкерлери «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемесинин жана «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери менен биргеликте жеринде иш алып барышты.

Иштин жүрүшүндө, менчик ишканалардын кире бериштеги чыгып турган конструкциялары жана алардын тосмолору демонтаждалууда.

Ошондой эле, жарнамалык такталар да муниципалдык аймактан алынды.