Бишкектин аймагында сугат сезонунун башталышы менен жеке менчик турак үйлөрдө жана көп кабаттуу курулуштарда жашаган абоненттер өздөрүнүн үйлөрүнүн жанындагы жер тилкелерин, огороддорун, бакчаларын, гүлзарларды жана мөмө-жемиш берүүчү бактарын сугаруу үчүн кошумча төлөмдү жүргүзүү керек.

Күндүзгү убакта ичүүчү суу менен сугарууга тыюу салынат. Андай болбосо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык айып салынат. Инспекцияны МАБдар «Бишкексууканал» ӨЭБсы менен бирге жүргүзүп турат.

Сугаруу үчүн төлөмдү эсептөө жер тилкесинин техникалык планына ылайык короонун жанындагы тилкелердин аянтына жүргүзүлөт. Төлөмдүн эсеби 1,5 сотка же 150 кв.м сугаруунун орто статистикалык аянтынын эсебинин натыйжасында кошуп эсептелет, бул 1 ай үчүн -229,9 сомду, ал эми сугат сезону үчүн май айынан сентябрь айына чейин – 1148,83 сомду түзөт.

Урматтуу шаардыктар! Бардык маселелер боюнча төмөнкү телефондор аркылуу кайрылууңуздарды өтүнөбүз:

-Свердлов району 59-55-90;
-Биринчи май району 56-60-86;
-Октябрь району 59-51-61;
-Ленин району 56-60-12.

Урматтуу шаардыктар! Сиздерден ичүүчү сууну сарамжалдуу пайдаланууну көптөн-көп суранабыз жана эсеп боюнча өз убагында төлөөнү өтүнөбүз!

Өздөрүңөрдүн акчаларыңарды үнөмдөгүлө – суу өлчөгүчтөрдү орноткула!