Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадровдун тапшырмасына ылайык, Октябрь районунун акими Жаныбек Орозалиев райондун аймагында көчмө жыйын өткөрдү.

Акимчиликтин кызматкерлери, «Бишкекжашылчарба», «Бишкексуучарба», «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканаларынын, «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемесинин, МАБдардын өкүлдөрү катышты.

Текшерүү №9 кичирайондо өттү. Көчмө жыйында  көрктөндүрүү, ирригациялык тармакты салуу, жолдорду оңдоо, бакча куруу, ошондой эле соода түйүндөрүнүн жана жеңил объектилердин  ээлери менен ижара келишимин бузуу маселелери каралды.