Кезектеги текшерүүдө Гагарин көчөсү 16 а дарегинде жайгашкан үйдүн айланасына курулуш таштандылары чогултулуп, белгиленбеген жерге инерттүү материалдар төгүлгөндүгү аныкталды.


Жыйынтыгында СЭИ инспекторлору тарабынан үйдүн ээси Базаркулова З.нын атына Кыргыз Республикасынын «Административдик жоопкерчилик жөнүндө» кодексинин №488 беренеси боюнча протокол түзүлүп, Ленин райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.