Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров Манас проспектисин көрктөндүрүү боюнча шаардык кызматтардын жетекчилери менен жумушчу кеңешме өткөрдү.

Калаа башчысы бардык жарнамаларды   эрежеге  жана жобого ылайыкташтырууну тапшырды.

Муниципалдык менчикти башкаруу департаментине Манас проспектисинин боюндагы бардык кире бериш топторду жана тепкичтерди иретке келтирүү тапшырылды. Ошондой эле тиешелүү документтерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүүгө милдеттендирилди.

Эмилбек Абдыкадыров ошондой эле шаардык кызматтардын жооптуу жетекчилеринин көңүлүн проспектидеги тосмолордун абалына бурду.