Көлмө жаңы конушундагы Насыйкат көчөсү Мидин көчөсүнөн Жапаров көчөсүнө чейин шагыл менен тегизделүүдө.

Жалпы узундугу 480 погондук метр, туурасы 6 метрди түзөт.

Ошондой эле, Жаз көчөсүндө  Мидин көчөсүнөн Жапаров көчөсүнө чейинки жолду тегиздөө иштери жүрүп жатат. Көчө бөлүгүнүн жалпы узундугу 400 метр, туурасы 6 метрди түзөт.

«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы тарабынан Теңдик көчөсүндө Мидин көчөсүнөн Жапаров көчөсүнө чейин жана Махатма Ганди көчөсүндө  Мидин көчөсүнөн туюк жолго чейин шагыл төгүү иштери аяктады.

Жакында Махатма Ганди көчөсүнө Мыскал көчөсүнөн Жаштык көчөсүнө чейин шагыл төгүү пландалууда.

Биринчи май районундагы иштер аяктагандан кийин Свердлов районунун жаңы конуштарындагы жолдорго шагыл төгүү иштерин баштоо пландалууда.