Көрктөндүрүүнү көзөмөлдөө боюнча муниципалдык  инспекция тарабынан көрктөндүрүү эрежелеринин сакталбагандыгы фактылары боюнча рейддер улантылууда.

Борбор калаада юридикалык жана жеке жактар жерди пайдалануу, тазалык тартиптерин, жашыл зоналарды коргоонун тартибин жана тышкы көрктөндүрүү жаатындагы нормаларды жана талаптарды бузууда.

Муниципалдык инспекция 15-майдан 20-майга чейинки аралыкта 422 чарба субъектини текшерип, тазалык тартибин сактабагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 114, 115-1, 115-2, 434-беренелерине ылайык,  жалпы суммасы 325 миң сомдук 21 протокол түзүлгөн.

Көрктөндүрүү эрежелерин бузган юридикалык жактардын тизмеси:

1. И.Арабаев атындагы КМТУ;
2. Раззаков атындагы КМТУ;
3.Т.Сыдыков атындагы Улуттук искусство академиясы;
4.«Газпронефть-Азия Операционная компания» ЖЧК;
5.«Учкун» ЖАК;
6.«ККМ Он-лайн» ЖЧК;
7.«LAZA»ЖЧК;
8.«LAZA» ЖЧК;
9.«Хангук 55» ЖЧК;
10. «Город мастеров» ЖЧК;
11.«Автоохраны и Правопорядка»КФ;
12.«Азия Ритейл»ЖАК;
13.«Азия Ритейл»ЖАК;
14.«Аква Вита.КГ»ЖЧК;
15.«АТА Stroy»ЖЧК;
16.«Имарат Прогресс»ЖЧК;
17.“КР ИИМ Маалыматтык технологиялар Башкы Башкармалыгы” мекемеси;
18.«Хюндай Элевэйторс»ЖЧК;
19.«АТА STROY»ЖЧК;
20.«НЭСК-БПЭС»ЖАК;
21.«Халык Банк»ЖАК.