Эми шаар тургундары  Абай көчөсүн бойлой жаңы тротуар менен жүрө  алышат.

Оңдоо иштери Медеров  көчөсүнөн Горький көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн чыгыш тарабында жүргүзүлүүдө.

Бул жерде тротуарды капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын бригадасы иштеп жатат. Курулуш учурунда эски асфальты сыйрылып, таман таштар алынды, тротуарга тосмо таштары орнотулуп, тротуардын кыртышы даярдалып, асфальт төшөлүүдө.

Жалпы узундугу 880 погондук метрди түзгөн тротуар аба ырайынын ыңгайлуу шартына ылайык жакынкы күндөрдө бүткөрүлөт.

Мындан тышкары, ишкана Юнусалиева көчөсүн бойлой Ахунбаев көчөсүнөн Сухэ-Баторго чейин эки тараптан тротуарды капиталдык оңдоодон өткөрүүдө.

Бул тротуардын узундугу 1 600 погондук метрди түзөт. Учурда эски асфальтты кыруу иштери жүрүп жатат.