Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров борбор калаадагы жогорку окуу жайлардын ректорлору менен жолугушту.

Жыйынга мэрдин орун басарлары, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин административдик-чарбалык иштер боюнча проректору Бакытбек Айтахунов, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу боюнча проректору Жыргалбек  Сыдыков, К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректору Светлана Батаканова,Б.Т.Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын ректору  Сайтдин Азизбаев катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар муниципалитет ишке ашырууну пландаштырып жаткан долбоорлор, анын ичинде Ала-Арча, Аламүдүн жана БЧК дарыяларынын жээк зоналарын жакшыртуу долбоорлору боюнча кызматташуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Эмилбек Абдыкадыров  студенттердин шаардын турмушуна катышуусу жакшы практика болуп саналарын, анда бардык алган теориялык билимдерин колдонууга болорун белгиледи.

Ошондой эле борбор калаанын мэри ар бир университетте активдүү жана таланттуу студенттердин арасынан курулуш отрядын түзүүнү сунуштады.

Билим берүү мекемелеринин жетекчилери бул демилгени колдоп, кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти. Бирок студенттерди кызыктыруучу механизмдерди иштеп чыгуу зарылдыгын  белгилешти.