Кыргыз Республикасынын « Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө» мыйзамынын алкагында Октябрь районунун аймагында «Тамеки тартуу» рейди өткөрүлдү.

Октябрь акимиаты, Октябрь РИИБнин, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлери менен биргеликте 10 мекеме текшерилди.

Жыйынтыгында «Шахеразада» (Токомбаев көчөсү, 21а/4), «Империя Пицца» ( № 8 кичирайону, 40), «Социал Кофе» (Юнусалиев көчөсү, 40а) кафесине Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору  тарабынан Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 84-беренесине ылайык протоколдор түзүлүп, юридикалык жактарга 13 000 сом, жалпысынан 39 000 миң сом айып салынды.

Башка мекемелерде мыйзам бузуулар аныкталган жок. Ошондой эле мыйзамды сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 83 жана 84-беренелерине ылайык, укук коргоо органдарынын кызматкерлери жеке адамдын жоопкерчилигин эскертет б.а. тамеки чеккен жарандарга айып салынат.