25-майда саат 9:00дө Бишкек шаарынын бардык билим берүү уюмдарында окуу жылынын аякташына арналган салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлөт.

Белгилей кетсек, иш-чаралар акысыз өткөрүлөт,  мугалимдерден жана мектептерден акча чогултууга,
ошондой эле кечки жана түнкүсүн майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат.

Бул күнү билим берүү башкармалыгынын жана райондук билим берүү борборлорунун кызматкерлеринин күнү-түнү нөөмөтү уюштурулуп,
Бишкек шаарынын укук коргоо органдары күчөтүлгөн режимде кызмат өтөшөт.

Жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери жалпы билим берүү уюмдарынын аймагынан тышкары жерде өткөрүлгөн
майрамдык иш-чараларда окуучулардын өмүрү жана ден соолугу үчүн алардын жоопкерчилиги жөнүндө ата-энелерге маалымат берүү менен  чогулуштарын өткөрүштү.
Мектептер тарабынан мыйзам бузуулар аныкталган учурда директорго, жетекчилерди ээлеген кызматынан бошотууга чейин тартиптик чаралар көрүлөт.

Урматтуу ата-энелер!

Балдарга өзгөчө көңүл буруп, шаардын эл көп болгон оюн-зоок жайларына, ошондой эле шаардын сыртына  өз алдынча барууга жол берилбестиги  тууралуу баарлашууну суранабыз.