№82 мектептин базасында Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Гапыр Мадаминов менен жолугушуу өттү.
Жыйынга 300дөн ашык ата-энелер, мугалимдер, окуучулар катышты.
Жолугушууда мугалим ата-энелер үчүн биринчи сабакты өткөрүп, балдарды тарбиялоодо ата-эне менен мугалимдин ордунун маанилүүлүгүн белгиледи. Көптөгөн ата-энелер окуу идеясын жакшы кабыл алышты.
Маалымдама: Гапыр Мадаминов Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, педагогика илимдеринин кандидаты, эне мектебинин негиздөөчүсү, педагог-экспериментатор, эксперименттердин негизинде 17 китеп жазган,
анын 80 бүтүрүүчүсү Медициналык академиянын бюджеттик бөлүмүнө тапшырган, 70ке жакын студенти Германиянын, Япониянын алдыңкы университеттеринде билим алууда.