Ленин акимиаты Ош базарынын аймагында жана ага чектеш көчөлөрдө стихиялуу сооданы жоюу иштерин улантууда.

«Ош базары» соода борборунун айланасы - Киев, Бейшеналиева, Кулиев, Токтогул көчөлөрү  тазаланды.

Рейддин жүрүшүндө жол кайгуул кызматы тарабынан мыйзамсыз соода кылган 1 унаа, 18ден ашык жеңилдетилген типтеги объектилер – кол арабалар, мамылар, кол чатырлар, столдор алынды.

Ошондой эле, стихиялуу соода менен алектенген жарандарга карата Кыргыз Республикасынын "Укук бузуулар жөнүндө" Кодексинин 179-берененин 1-бөлүгүнө жана 434-беренесине ылайык протоколдор түзүлдү.

Бул багыттагы иштер күн сайын жүргүзүлүүдө.