“Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемесинин базасында өзгөчө кырдаал боюнча ыкчам топ түзүлдү.

Кыргыз Республикасынын «Жарандык коргонуу жөнүндө» мыйзамын аткаруу  жана шаардын калкын табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан коргоо максатында жыйын өткөрүлүп,  мекеменин жетекчилиги жана жооптуу кызматкерлер өзгөчө кырдаал болгон учурда ыкчам топ кандай иш-аракет кыларын жана кандай чаралар көрүлөрүн айтып беришти.

Ошондой эле, КР ӨКМнин буйругуна ылайык, эвакуациялоо боюнча комиссия түзүлдү.

Өзгөчө кырдаалдарда (жер титирөө, имараттардын жана курулмалардын урашы, техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал) комиссиянын курамына кирген  мекеменин башкы инженери, бөлүмдөрдүн адистери жана Бишкек шаарынын райондорунун башкы архитекторлору   граждандык коргонууну уюштурат  жана ишке ашырат.

Белгилей кетсек, мекеме өрт өчүргүчтөрдү жаңыртып, авариялык чыгууларды текшерген.