Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы Самойленка көчөсү, 5а дарегинде жайгашкан бала бакчага кошумча корпустун курулуш иштерин  баштады.

Мектепке чейинки билим берүү мекемеси 140 орунга ылайыкталган. Эки кабаттуу, жер төлөсү жок. Имараттын жалпы аянты – 1442 чарчы метр.

Имаратта бардык керектүү жайлар биринчи жана экинчи кабаттарда жайгашкан: кийинүү, оюн, кампа, уктоочу, медициналык кабинет, тамак-аш сактоочу жай, кызматкерлер бөлмөсү, ашкана,  изоляциялоо бөлмөсү, жабдууларды тазалоо үчүн кампа,  спорт залы, музыка жана ыр сабактары үчүн зал каралган.

Тендердин жыйынтыгы менен “Гипер Строй” ЖЧКсы курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүүдө. Учурда котлован жумуштары аяктап, колоннанын негизи даярдалууда.